Грециядан Михаил Саакашвилини сабап кетишти (видео)
Грециядан Грузиянын экс-президенти, Украинанын реформалар боюнча аткаруу комитетинин башчысы Михаил Саакашвилини сабап кетишти. Бул тууралуу “Известия” жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Саакашвили Афиныга 11-октябрда мигранттар менен жолугу үчүн барганы маалым болгон. 31-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого даярдануу үчүн ал жакта жашаган грузин мигранттары менен жолугушуу үчүн келген учурда экс-президентке кол салуу болгон.
Саясатчыны күйөрмандары курчап алышкан, ошол учурда башына капюшон кийген жигит ага кол салып, ал Саакашвилинин башына бир нече жолу сокку урган.
Ал буга чейин Грецияга барбай турууга эскертүү алганын айткан.
“Мага Грецияга келбей туруңуз деп эскертишти, бирок, мен барам, алар мени жакшы билишпейт! Грецияда жолугушабыз. Андан кийин Грузияда жолугушабыз! " - деп айткан ал.
Буга чейин, 1-октябрда, Киев ресторанында белгисиз адам Саакашвилиге учтуу курал менен кол салгандыгы тууралуу маалымат тараган. Кол салган адам залга кирип келип, саясатчыны коркутуп баштаган, бирок ал укук коргоо кызматкерлери келгенге чейин качып кетүүгө үлгүргөн.
Саакашвили негиздеген оппозициялык Бириккен Улуттук Кыймыл (УНМ) партиясы аны сентябрь айында республиканын премьер-министринин кызмат ордуна көрсөткөн. Ал 27-августта алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн Грузияга кайтып келүү ниети бар экендигин билдирген.
Грузияда парламенттик шайлоо 31-октябрда өтөт.
Саакашвили 2004-жылдын январынан 2013-жылдын ноябрына чейин Грузиянын президенти болгон. 2013-жылы ал президенттик мөөнөтү бүтөөрүнө бир нече күн калганда Грузиядан чыгып кеткен. Андан кийин дароо эле ага карата төрт кылмыш иши козголгон. Грузиянын экс-президенти сыртынан 11 жылга эркинен ажыратылган. 2015-жылы декабрда Саакашвили Грузиянын жарандыгынан ажыратылган.
Добавить комментарий ×