Интернет булактарында Курманбек Бакиевдин козу гриль жеп олтурганы катуу талкууга алынууда

3 апреля 2019 11:09 3459 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok


Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин козу гриль жеп олтурган видеосу интернет булактарында кызуу талкууга түштү.

Видео тасмада Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен стол үстүндө чогулуп тартылып жаткан этти талкуулап жатканын көрүүгө болот.

Видео болжолдуу түрдө Белорусияда тартылганы айтылууда. Интернет колдонуучулары мурдагы президентти “качкын”, “адамдардын өмүрүн кыйып кантип жыргап олтурат” деген өңдүү катуу сындарды жазып талкууга алышууда. Бирок айрымдар “Бакиев жакшы адам” деген да ойлорун айтышууда.

Эске салсак, Курманбек Бакиев 2010-жылы 7-апрелдеги төңкөрүлүштөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/internet-bulaktarynda-kurmanbek-bakievdin-koshu-gril-zhep-olturgany-katuu-talkuuga-alynuuda



Добавить комментарий