Instagram тескери пикир жазгандарды автоматтык түрдө блоктойт

13 августа 2021 13:08 1504 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык Instagram тармагы платформада негатив пикир жазгандар менен күрөштү күчөтүүнү чечти жана бир нече жаңы функцияларды сунуштады. Бул тууралуу Daily Mail кабарлаганын “Барометр” билдирет.

Негизинен колдонуучулар үчүн Limits функциясы жеткиликтүү болду, ал тескери комментарийлер менен көп кабарлама таштагандардын агымын чектейт. Ал автоматтык түрдө мындай комментарийлерди жашырып, аккаунту иштебей турган колдонуучулар жөнөткөн кабарлармалар менен пикирлерди же аккаунтка жаңы жазылгандардын пикирлерин бөгөттөп салат.

Иштеп чыгуучулар жаңы фукция туура эмес колдонуучуларды блоктобой, бирок алардын байланышын блоктой турганын кошумчалашты.

Ошондой эле Instagram мүмкүн болуучу шылдыңдоочу сөздөр менен, хештегдердин жана смайликтердин тизмесин кеңейти, алар автоматтык түрдө комментарийлерде фильтирленет.

Ссылка: https://barometr.kg/instagram-teskeri-pikir-zhazgandardy-avtomattyk-trd-bloktojt



Добавить комментарий