Индонезияда футболдук беттештен кийин 127 адам каза болду

2 октября 2022 11:43 537 Barometr
Поделиться в:
ok

Индонезияда жергиликтүү командалардын футболдук беттешинен кийин 127 адам каза болду. Бул тууралуу Suryamalang басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, трагедия 2-октябрга караган түнү Маланг шаарындагы “Канжурухан” стадионунда болгон.

Ишемби күнү Индонезиянын чемпионатынын беттешинде «Арема» жана «Парсебая» командалары беттешип, оюун 3:2 эсебинде экинчи команданын пайдасына аяктаган. 

Финалдык ышкырыктан кийин “Арема” командасынын күйөрмандары талаага чуркап чыгып башаламандык жаралган. Тартип сакчылары көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Маалым болгондой, эл дүрбөлөңгө түшүп, стадиондон чыгууга аракет кылып, натыйжада, көбү тебелендиде калышкан. Анын кесепетинен 127 адам, анын ичинде аялдар жана балдар каза болгон. 180дей адам ооруканага жаткырылган. 
 
 
 

Лиганын жетекчилиги алдыдагы аптадагы бардык матчтар жокко чыгарыла турганын билдирди. Бул каргашалуу окуя иликтенери кабарланды. 
 
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-futbolduk-betteshten-kijin-127-adam-kaza-boldu



Добавить комментарий