Индияда жарганаттан жуккан дагы бир вирус катталды

7 сентября 2021 12:03 1455 Barometr
Поделиться в:
ok

Адамдарды өлүмгө алып келе турган нипах вирусу Индиянын Керала штатында жашаган 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу РИА Новости булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” маалымдайт.

Азыркы учурда Кожикоде ооруканасы менен медициналык колледжде изоляцияда 38 адам жатат, анын 11инен оорунун белгилери табылды.

“Дагы сегиз адамдын анализдери Улуттук вирусология институтуна тесттирлөөгө жөнөтүлдү”,-деп айтты дарыгер Джордж NDTV телеканалына. Ал бейтапканада жаткандардын абалы туруктуу экенин кошумчалады.

Кечээ Керала штатынын бийлиги 12 жаштагы бала нипах вирусунан каза тапканын маалымдаган, штаттын дарыгерлери ооругандар менен байланышта болгон 251 адамды текшерүүнү баштады.

Нипазх вирусу жарганаттар менен чычкандан жугат. Адамдарга оору жугузган жаныбарлар тиштеген жемиштер аркылуу жугуп калышы мүмкүн.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул вирусту дүйнөдөгү эң кооптуу вирустардын бири деп эсептейт жана андан өлүм тапкандардын саны 70 пайыз болорун эскертет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-zharganattan-zhukkan-dagy-bir-virus-kattaldy



Добавить комментарий