Индияда киши аялын жана кызын сактап калуу үчүн леопард менен кармашып, муунтуп өлтүргөн

27 февраля 2021 10:00 4514 Barometr
Поделиться в:
ok

Индиянын Карнатака штатында Раджагопар Наик аттуу адам аялы менен кызын сактап калуу үчүн леопардды эч кандай куралы жок, бетме-бет кармашып өлтүрдү. Бул тууралуу Newsflare агенттиги билдирген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Үй-бүлө тойдон велосипед менен кайтып келе жатканда, жырткыч кол салган. Леопард анын жубайын кууп жетип, бутунан тиштеп сүйрөп кетүүгө аракет кылган. Натыйжада, үчөө тең велосипедден кулап кетишкен. Наик жырткычты аялынан ажыратууга үлгүргөн, андан кийин леопард аны көздөй чуркаган.

"Ал мага секирип колумду жана мойнумду тиштегенге аракет кылды. Мен өзүмдү колум менен коргодум. Анан өзүмдү колго алып, жырткычтын кекиртегинен кармаганга жетиштим. Леопардды кекиртегинен бекем кармап жыгып, тизем менен муунтуп өлтүрүп салдым", - деп болгон окуяны сүрөттөп берди киши.

Жырткыч менен айгышкан кармашта ал башынан, колунан жана мойнунан жаракат алган. Дароо ал ооруканага жеткирилген. Токой коомчулугунун өкүлдөрүнүн айтымында, өлтүрүлгөн леопард буга чейин, кеминде үч кишиге кол салган.

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-kishi-ayalyn-zhana-kyzyn-saktap-kaluu-chn-leopard-menen-karmashyp-muuntup-ltrgn



Добавить комментарий