Индияда буту-колу жок ымыркай төрөлдү (Видео)

1 июля 2020 15:18 1643 Barometr
Поделиться в:
ok

Индиянын Мадхья-Прадеш штатында буту-колу жок ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу Lad Bible басылмасына шилтеме берип «Барометр» которду.

Ымыркай 26-июнда жарык дүйнөгө келген. Дарыгерлердин пикири боюнча, бала сейрек кездешүүчү генетикалык оору менен төрөлгөн, тетраамелия синдрому.

Оорукананын балдар дарыгери Суреш Аггарвал баланын абалы канааттандырарлык, кыз толук дени сак экенин билдирди. Баланын ден соолугун текшерип, изилдөө үчүн аны жакынкы арада дарыгерлер алып кетишет.

Белгилей кетсек, мындай дартка дуушар болгон ымыркайлар көпчүлүк учурларда өпкөсү өөрчүбөй, дем алуусу начар болот же такыр эле дем ала албай калат. Көбүнчө өлүк төрөлүшөт же көп жашашпайт.

Бирок, сейрек кездешүүчү синдромго карабай өз жашоосун кадимки адамдардай уланткан Австралиялык Ник Вуйчич жана Япониялык Хиротада Ототакэ жашап келет.


Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-butu-kolu-zhok-ymyrkaj-trld-video



Добавить комментарий