Илон Маск: Марска болгон саякат учурунда бир топ адамдар каза болушу мүмкүн

26 апреля 2021 17:42 1431 Barometr
Поделиться в:
ok

Америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск SpaceXтин Марска жасаган миссиясы учурунда "бир топ адам өлүп калышы мүмкүн" деп эскетти. Бул тууралуу Daily Mail жазган маалыматка шилтеме берүү менен "Барометр" билдирет.

Маск мындай билдирүүнү, X Prize Foundation технологиялык кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Питер Диамандис менен маектешүү учурунда айткан. 

Белгилүү болгондой, ал Марска адамдарды 2026-жылга чейин, NASAдан биринчи жиберүүнү пландап келген.

"Марска саякаттоо оңойго турбайт. Сиз анын кооптуу, ыңгайсыз жана узак экендигин билесиз. Тирүү бойдон кайтып келбешиңиз мүмкүн, бирок, бул укмуштуу саякат жана эстен кеткис окуя болот. Ооба, чынын айтсам, сиз өлүп калышыңыз мүмкүн. Ал жакта сизде жакшы тамак болбойт», - деди ишкер.

Эске сала кетсек, буга чейин, Маск 2050-жылга чейин Марска миллион адам жиберүүнү пландап жатканын айткан. Ал SpaceXтин Starship кемеси адамзаттын Жерден көчүп кетүү планынын ачкычы болорун жана адамдар Марска ракета менен эки эле жылдын ичинде жете алаарын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/ilon-mask-marska-bolgon-sayakat-uchurunda-bir-top-adamdar-kaza-bolushu-mmkn



Добавить комментарий