“Илимдин” жетекчиси Гайша Ибрагимова пневмониядан көз жумду

13 июля 2020 09:41 700 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги “Илим” билим берүү комплексинин жетекчиси Гайша Ибрагимова 69 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары «Барометрге» маалымдашты.

Кечээ, 12-июлда Билим берүү министринин мурдагы орун басары Гайша Ибрагимова пневмониядан каза болду. Ал бир нече күн мурун ооруканага жаткырылган.

«Кыргызстандын билим берүү тармагына зор салымын кошуп келген. Эгемен өлкөбүздө алгачкылардан болуп жеке менчик билим берүү мекемесин түптөп, балдарды заманбап технологиялар менен окута баштаган. Ал билим берүү мекемелеринин бирикмесин жетектеген», - деп айтылат маалыматта.

Гайша Ибрагимова 1951-жылы Россиянын Красноярск аймагындагы Дудинка шаарында төрөлгөн. Кийинчээрек ата-энеси менен Фрунзеге келишкен.

Белгилей кетсек, Ибрагимованын уулу Шамил Ибрагимов «Сорос-Кыргызстан» фондун жетектейт.


Ссылка: https://barometr.kg/ilimdin-zhetekchisi-gajsha-ibragimova-pnevmoniyadan-kz-zhumdu



Добавить комментарий