Илим Карыпбеков Чынар Капарованын постуна пикир калтырды. “Жамандын жарты өнөрү ашык!”

10 января 2019 17:58 4737 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Диктор Чынар Капарова өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасына күндүн темасы болуп жаткан “түкүрүк” жана “айып пул” темасында пост жазып чыкты. Ал өз постунда:

“Айыптар бизди адептүү кылганы калды. Тартип жана тазалык үчүн алга!” –деп жазып көпчүлүктү оюн бөлдү.

Мындай актуалдуу постко пикир жазгандардын катарын КТРКнын жетекиси Илим Карыпбеков да толуктады. Маалым болгондой бул экөөнүн ортосунда “таарыныч” бар болуп, алар көптөн бери соц тармактар аркылуу да кайым атышып келишет. Бул жолу да Карыпбеко мурдагы кызматкеринин оюна каршы чыгып:

“Тартип, тазалык керек! Албетте керек! Ушуга чейин , ”акылдуу”, ”маданияттуу” болуп мыйзамды кубаттагандарды аябай көп көрдүм. Бирок ошол мыйзам жарандардын алган айлыгына, базардан түшкөн кирешесине жооп береби? Эң негизгиси-ошол айып пулдар казынагатүшөбү? Элдин баары карап турган алтындын кирешеси түшпөй жатканда, эч ким карап олтурбаган түкүрүктүн акчасы "сол чөнтөктөн" ашабы? Түкүрүктөн башкасы таптаза болуп турабы? Келемиш толгон таштандылар, көчөнүн боюнда жаткан пластик идиштер, тамеки, семичкенин тыштары тазалык маселесине кирбейби? Ушулардын баары тазаланып бүткөндөн кийин анан ушул мыйзамды иштетсе деле кеч калмак эмес. " Жамандын жарты өнөрү ашык!" Эмне үчүн темирдей тартип цианид төгүлгөн жерлерде, кара башыл адамдар качып кеткен жерлерде, чыгаан адамдар чыркырап камалып жаткан жерлерде, Кытайлар кыздарыбызды уйпалап жаткан жерлерде болбой, бир эле түкүргөн жерде болуш керек?” –деген пикирин жазды.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан баштап коомдук жайларда тамеки чеккендерге, таштанды таштагандарга жана түкүргөндөргө чоң өлчөмдөгү айып пул төлөөтүү төлөтүү чечими кабыл алынган.

Мыйзам ишке кирээри менен интернет колдонуучулары катуу талкууга алып бул темага байланышкан ар түрдүү маалыматтар жана видео роликтер чыга баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-chynar-kaparovanyn-postuna-pikir-kaltyrdy-zhamandyn-zharty-nr-ashyk



Добавить комментарий