Илим Карыпбеков: Азаматсыз Кашкар байке!
КТРКнын мурдагы башчысы Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасына шакаба ирээтинде Кашкар Жунушалиевге ыраазчылык билдирүүсүн калтырды.
“Мен биздин ИИМге чоң ыраазычылыгымды билдирип коёюн деп чечтим. Кечээ Бишкекте жол кырсыгынан кийин атышуу болду деп ызычуу болбоду беле? Бүгүн ИИМ министри жаш балдар ОПГга кол салышты, жаш балдар кармалды деп билдирди. Азаматсыз Кашкар байке! Өткөндө оорун басарыңыз пресс-конференция берип бир дагы ОПГ катталган жок дегенде аябай капа болгом. Как так- деп! Эми ОПГсы жок калабызбы-деп! Кудай урбадыбы - деп, ОПГ байкелерге чейин кайрылып ийгем, байкелер, жок дегенде бирөөңөр барып ыстатистиканы бузбай катталып койгулачы деп!
Мына! Кудай бар деген ушу! Мени укканго өткөндө, асмандан издегенибиз көчөдөн табылыптыр! Эми Кашкар байке, жанагы 95-жылкы ОПГга кол салган жаш балдарды чыгара көрбөгүлө! Бул акмактар и так ОПГ жок заманда өлүп тапкан ОПГыбызга кол салышкан тура! Бул эмне деген шумдук! Азыркы жаштар сопсем тарбиясыз болуп калышты", – деп жазды.
Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-azamatsyz-kashkar-bajke
Добавить комментарий ×