Кыргыз спортчулары Өзбекстанда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

25 марта 2021 09:52 2225 Barometr
Поделиться в:
ok

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык Ташкент марафонуна катышат.  Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалыматка ылайык, 28-март күнү Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турган жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдешке кыргызстандык спортчулар да катышат. 

Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасы  төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

  1. Дарья Маслова;
  2. Адилет Кыштакбеков;
  3. Жоодар Кочконбаев;
  4. Илья Тяпкин;
  5. Мария Коробицкая;
  6. Гульшаной Сатарова;
  7. Татьяна Борисова, машыктыруучу.

Белгилей кетсек,  спортчулар 25-марттан 29-мартка чейин Ташкент шаарына  Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык иш-сапарга жөнөтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/ijgilik-kaalap-kojolu-kyrgyz-sportchulary-zbekstanda-t-turgan-el-aralyk-meldeshke-katyshat



Добавить комментарий