ИИМдин Ички аскерлеринин башчысы Кытай жана Түркиянын аскер өкүлдөрү менен жолугушту

7 августа 2021 14:37 786 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 6-августта ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов менен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин коргоо боюнча атташеси, улук полковник Джан Юн жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси, жандармериянын полковниги Угур Эвжим жолугушту.Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Жолугушуунун алкагында тараптар аскердик-техникалык кызматташуу, аскердик кадрларды даярдоо боюнча тажрыйбалар менен бөлүшүү, аскер кызматкерлеринин квалификацияларын жогорулатуу боюнча жана ар бир тарапты кызыктырган башка маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар перспективдүү кызматташууларын мындар ары  дагы кеңейтүүгө даяр экендигин белгилеп өтүштү.

Жолугушуу жылуу достук абалда өттү.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-ichki-askerlerinin-bashchysy-kytaj-zhana-trkiyanyn-asker-kldr-menen-zholugushtu



Добавить комментарий