ИИМде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча атайын бөлүм ачылат

24 июня 2021 14:29 1616 Barometr
Поделиться в:
ok

Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу иштерин участкалык милициялар жүргүзөт, ошондой эле ички иштер органдары түшүндүрүү иштерин алып барат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, ар бир участокто милиция кызматкерлери калкка  балдарга жана аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулуктар боюнча отчет бериши керек.

Рысбеков ИИМде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча бөлүм ачыларын маалымдады.  

Ссылка: https://barometr.kg/iimde-j-bllk-zombuluk-boyuncha-atajyn-blm-achylat



Добавить комментарий