ИИМде акын Азамат Болгонбаев менен жолугушуу өттү

23 сентября 2021 18:07 882 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Азыркы учурдагы суверендүү мамлекеттин өзөгүн түзгөн, өлкөгө атын берген титулдук улуттун эне тили болуучу кыргыз тилине мамлекеттик статус ыйгарган мыйзам Кыргыз ССРнин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган. 

Ошол күндөн тартып 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү катары белгиленип келет.

Буга байланыштуу, 2021-жылдын 23-сентябрында  ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында  Кызматтын өздүк курамына Кыргыз Республикасынын Эл акыны Азамат Болгонбаев менен  жолугушуу маданий иш-чарасы өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага БМЖКККнын жетекчилиги, өздүк курамы жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча тобунун кызматкери милициянын майору К. Чалова катышты.

Жолугушууну БМЖКККнын начальниги милициянын полковниги             Улан Султанов келген конокторду, өздүк курамды куттуктоо сөзү менен баштап, мамлекеттик тилди мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен бирге, учурдан пайдаланып, Азамат Болгонбаевди Кыргыз Республикасынын Эл акыны ардак наамын алышы менен жалпы жамааттын атынан куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө милициянын майору К. Чалова куттуктоо сөзүн айтуу менен бирге, ИИОдогу мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер, бул багыттагы ИИМдин жетекчилиги тарабынан коюлган талаптар тууралуу баяндады.

Жолугушуунун соңунда БМЖКККнын жетекчилиги тарабынан кыргыз маданиятына, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошуп жаткан зор салымдары үчүн Болгонбаевге, К. Чаловага ыраазычылык каттар, баалуу белектер тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/iimde-akyn-azamat-bolgonbaev-menen-zholugushuu-tt



Добавить комментарий