ИИМде БУУнун Качкындар иштери боюнча өкүлү менен жолугушуу өттү
Бүгүн, 23-сентябрда Ички иштер министрлигинин имаратында Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушуусу болуп өттү.Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Жолугушууга БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин башчысы Асел Шаршеева, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Нурбек Жангабылов катышышты.
Жолугушуу учурунда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдиргендей, Кыргызстан БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө 1951-жылкы Конвенциясына жана анын 1969-жылкы Протоколуна 1996-жылы кошулган.
Качкындар маселеси коом үчүн көптөгөн суроолорду жаратат, алардын бири коопсуздукту камсыздоо. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен бирдикте качкын деп таанылган адамдарга коопсуздукту камсыз кылуу, алардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барат.
Ички иштер министрлиги мындан аркы кызматташууга чоң маани берет жана биздин ыйгарым укуктарыбыздын чегинде бардык жардамдарды көрсөтүүгө даярдыгын ишендирди.
Тараптардын пикири боюнча жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/iimde-buunun-kachkyndar-ishteri-boyuncha-kl-menen-zholugushuu-tt
Добавить комментарий ×