ИИМ: Москвада каза тапкан КР жаранынын денесинде күч колдонуунун белгилери табылган жок

24 май 2019 23:56 3244 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алдын ала жасалган эспертизага ылайык, Москвадагы батирлердин биринде табылган Кыргызстандык аялдын денесинде күч колдонунун белгилери болгон эмес. Бул тууралуу КР ИИМнен билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 23-майда Москва шаарында Кыргызстанда туулган аялдын сөөгү 21-майда табылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Квартирадан баалуу буюмдар жоголгон.

РФдагы КР ИИМинин өкүлчүлүгү берген маалыматта аталган факт боюнча маалымат 19-майда саат 23-10до катталган. Полиция кызматкерлери 1979-жылы Кыргызстанда туулган К.З. сөөгүн табышкан. Анын денесинде эч кандай кыйноолордун белгилери болгон эмес. Ал ошондой эле Россиянын жараны катары Тверь облусунун Сонковский районунда Полнино кыштагында каттоого турган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда анын туугандары сөөктү кичи мекенине жиберишти.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-moskvada-kaza-tapkan-kr-zharanynyn-denesinde-kch-koldonuunun-belgileri-tabylgan-zhok



Добавить комментарий