ИИМ КСДПнын эсепчиси тууралуу: "Надира Сатыгул кызы өлкөгө келсе суракка чакыртылат"
2017-жылдагы шайлоо тууралуу юрист Нурбек Токтакуновдун Фейсбуктагы баракчасына алып чыккан документтери боюнча алдын ала тергөө иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бул ишке тиешеси бар борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилери, шаардык, райондук жана аймактык шайлоо бөлүмдөрүнүн башкармалыктарынын кызматкерлери суралган.
Ошол кездеги финансылык иштерге жооптуу бухгалтер Сатыгул кызы Надира эмгек өргүүсүнө байланыштуу чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу иликтөөнүн акыркы чечими ал өлкөгө келгенде түшүндүрмө берүү үчүн суракка чакырылып, акыркы чечим анын көрсөтмөлөрүнөн кийин кабыл алынат.
Эске салсак, укук коргоочу Нурбек Токтакунов президент Сооронбай Жээнбековдун штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган деген каражаттардын тизмесин социалдык баракчасына жүктөгөн. Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ доллар иштеткен.
Бул боюнча президенттин аппаратынын басма сөз бөлүмү: "фейк" маалымат боюнча комментарий бербейбиз, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо боюнча кетирген каражаты өз убагында расмий түрдө жарыяланып, БШКга жөнөтүлгөн"-деген.
Ошол кездеги акчага жооптуу бухгалтер Надира Сатыгул кызы КСДПнын каржы иштери боюнча өкүлү болуп, 2015-жылы парламенттик шайлоодо партия тизмеси менен депутаттыкка да ат салышкан. Буга чейин анын уулу Адилет Сатыгулов БШКнын мүчөсү катары бекитилген эле.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда "Апрель ТВ" каналына маек куруп, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ боюнча Икрам Илмиянов камалгандан кийин башкы бухгалтер өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу айткан.
Добавить комментарий ×