Атамбаев: Икрам камалгандан кийин штабдын бухгалтери башка өлкөгө кетип калды
Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель ТВ" каналына маек куруп, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо фондуна байланыштуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ тууралуу комментарий берди.
- Эмнеге азыр жарыяланып кеткени белгилүү. Икрам Илмияновду камашты. Муну бухгалтерия боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып, башка өлкөгө кетип калды. Ал өзүнүн өмүрүнөн коркуп жатат. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетти. Ал жөн гана кетип калды. Бул документ жөнүндө билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Ошондуктан адамдар өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Илмияновду камабаса документ чыгып кетмек эмес. Балким бул үй-бүлө өзүнүн чыныгы жүзүн көпкө жашырмак. Мени таң калтырганы - биз атайын фонддун суммасынын чегин алып салганбыз. Эгерде бул таза каражат болсо эмнеге бардык сумманы ачык көрсөткөн жок? Бул албетте өкүнүчтүү, - деди Атамбаев.
Ал эми Атамбаевдин маеги бүгүн 19-ноябрда толук көрсөтүлөт.
Эске салсак, укук коргоочу Нурбек Токтакунов президент Сооронбай Жээнбековдун штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган деген каражаттардын тизмесин социалдык баракчасына жүктөгөн. Токтакуновдун айтымында, Жээнбековдун штабы расмий түрдө 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ доллар иштеткен.
Бул боюнча президенттин аппаратынын басма сөз бөлүмү: "фейк" маалымат боюнча комментарий бербейбиз, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо боюнча кетирген каражаты өз убагында расмий түрдө жарыяланып, БШКга жөнөтүлгөн"-деген.
Добавить комментарий ×