ИИБ: Жалал-Абадда жылаңач жүргөн эркектин акыл-эси жайында

13 мая 2019 17:00 3623 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Жалал-Абадда дырдай жылаңач болуп басып жүргөн эркек адам тартылган видеотасма соцтармактарда тарап, коомчулуктун көңүлүн бурду.

Жалал-Абад облустук ИИБнын басма-сөз кызматы аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, видеотасмадагы бардык адамдардын ким экендиги такталгандыгын маалымдады.

 «Аталган факт боюнча бир дагы адам арыз менен кайрылган эмес, бирок, соцтармактарга видеотасма таркагандыктан, материалдар чогултулуп, факт КЖБР катталды. Видеотасмага тартылган эркек адам арыз жазуудан баш тартты», - деп билдиришти алар.

Видеотасма 11-майда тартылган, ал эми тасмадагы жылаңач турган 25 жаштагы адам психдиспансерде каттоодо турбайт. Ал Жалал-Абад шаарынын жашоочусу.

Ссылка: https://barometr.kg/iib-zhalal-abadda-zhylaach-zhrgn-erkektin-akyl-esi-zhajynda



Добавить комментарий