Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы көчөлөрдө кызмат өтөп жатышат
Кыргызстандын бир катар региондоруна жана Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизилгенден баштап Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы бир топ комплекстүү алдын алуу иш-чараларын өткөрүшүүдө. Жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө кам көрүү максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлер коопсуздук кызматынын Басма сөз кызматы маалымдады.
25-марттан баштап күн сайын Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда коронавирус илдетинин жайылуу коркунучун алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында кызмат өтөп жатышат.
Учурда Ички иштер органдарынын башка кызматтары менен биргеликте Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер кызматчылары Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп келүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/ichki-koopsuzduk-asker-kyzmatynyn-zdk-kuramy-kchlrd-kyzmat-tp-zhatyshat
Добавить комментарий ×