Ичи тар адамдардан коргонуунун 7 ыкмасы

7 сентября 2021 14:27 8029 Barometr
Поделиться в:
ok

Ичи тар адамдарды жашообузда көп эле кездештирип жүрөбүз. Алар өздөрүнө гана кыжырданбай, аркаңыздан ар кандай айың кеп таратып жүрүшөт. Кээде абдан эле кооптуу болушат. Мисалы, сизге жалаа жаап, бут тосуп жана башка жаман иштерди кылышат. 

Психологдор мындай адамдардан өзүңүздү алыс кармап жана алар менен туура мамиле түзүш үчүн бир нече ыкмаларды сунушташат. barometr.kg сизге бүгүн алардан коргонуунун ыкмалары тууралуу айтып бермекчи.

1. Ишке түртпөңүз  

Башкы нерседен баштайлык. Адамдар көп учурда ичи тар адамдарды өздөрү кайсы бир сапаттары менен провокациялап алат. Мисалы бой көтөрүп, мактанып, аларга сын тагып же жакын дос болуп сырын айтып дегендей. Мындай адаттар сизде болсо токтотконго аракет кылыңыз.

2. Маалымат бербеңиз  

Жеке маалыматыңызды бөлүшпөңүз, пландарыңызды айтпаңыз. Алар сизден сурап баштаса, тамашалап, ачык айтпай кыйыр түрдө жооп берип коюңуз.

3. Алардын мактоо сөздөрүнө эрип калбаңыз 

Көпчүлүк ичи тар адамдар алгач сиздин ишенимиңге киргенге аракет кылышат жана сизден көп маалымат алууга жан үрөшөт.

Алардын мактоо сөздөрүнө алданбаңыз, бул жөн гана маскировка. Тек гана алыстан кетиңиз.

4. Энергетикаңыз менен иштеңиз  

Дайыма өзүңүздүн энергетикалык ресурсуңузду толтуруп туруңуз. Ден соолугуңузду караңыз. Өзүңүзгө жаккан жерлерге гана барып, ресурсттуу адамдар менен гана пикирлеш болуңуз.

Энергетикалык жактан күчтүү адам эч кандай тааирге алдырбайт.

5. Сиз дагы ага “суктанып” коюңуз  

Дароо эле анын ичи тардыгын чагылыштырган атайын ыкманы колдонсоңуз болот. Жоопторуңдун баардыгын ага “суктанып” жаткандай түр көрсөтүп, өздөрүнө көңүл буруп коюңуз.

6. Жеке чек араңызды бекемдеңиз  

Психологиялык чегиңизди, мейкиндигиңизди бөлүп туруңуз. Өтө эле жакындашып, ыкташып эле калган курбулар же достор акыры урушуп чыгарын эске алыңыз. Ички чек араңызды дайыма бөлгөндү үйрөнүңүз, ошондо ич тарлар көп жолой алышпайт.

 7. Жаман адамдардан кутулуңуз   

Бул жалпы системалык сунуш. Эгерде айланаңызда сизге тескери таасир бере турган адамдар көп болсо, акырын алардан кол үзүңүз. Эмне үчүн алар көбөйүп жатканын ойлонуңуз.

Ссылка: https://barometr.kg/ichi-tar-adamdardan-korgonuunun-7-ykmasy



Добавить комментарий