Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы: "Төрага менен Сулаймановдун ортосунда эч кандай кастык мамиле жок"

20 декабря 2018 19:06 1766 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Маалым болгондой бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Асель Кодуранованы кызматынан чакыртып алуу сунушунда регламент бузулду деп депутат менен төрага кайым айтышты.

Кайым айтышууда "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов төрага Дастан Жумабековду жемеледи.

Бул окуядан кийин түрдүү социалдык тармактардын колдонуучулары ар тараптуу сынга алууда. Бул пикир айткандардын катарын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу да толуктады. Ал өз пикирин Facebook жеке баракчасына жазды. 

"Төрага Дастанбек Жумабеков менен “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун ортосундагы бүгүнкү талаш-талкуу социалдык тармактарда тарап, ар түрдүү пикирлерди пайда кылууда. Ошондон улам төмөнкүлөрдү айтып коюну чечтим. Депутаттардын ар кыл мыйзамдар же чечимдерди кабыл алууда көз караштары дал келбей, айрым учурларда кайым айтышууга чейин барышы парламентаризмге мүнөздүү нормалдуу көрүнүш.  Төрага менен “Бир Бол” фракциясынын лидери вице-спикер Асель Кодуранованы чакыртып алуу боюнча добуш берилгенден кийин кол алышып, ортодогу түшүнбөстүктү такташып сүйлөшүп алды. Кыска жолугушуу жылуу маанайда өттү. Социалдык тармактарда талкууланып жаткандай, эч кандай ажырым же касташуу жок."-деп жалпыга жаңы маалымат менен бөлүштү.

Билдирүү чыгаары менен Ибраим мырзанын катталуучулары "туура, талаштан тактык жаралат" деген өңдүү ойлорун жазып калтырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ibraim-nurakun-uulu-traga-menen-bir-bol-frakciyasynyn-lideri-kol-alyshyp-ortodogu-tshnbstkt-sjlshp-aldy-zholugushuu-zhyluu-maanajda-tt



Добавить комментарий