Төрага менен депутат Сулайманов парламентте кайым айтышышты
Вице-спикер Асель Кодуранованы кызматынан чакыртып алуу сунушунда регламент бузулду деп депутат менен төрага кайым айтышты.
"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов төрага Дастан Жумабековду жемеледи.
"Регламентти ушинтип буза берсеңер түшкүлө алдыгы олтурган жериңерден"-деди. Төрага буга: "Сиз айтып койсоңуз эле түшүп кете беребизби, же сиздин ордуңузга олтуруп алдыкпы, түш деп кыйкырбай мыйзам менен келиңиз"-деп жооп берди.
Сулайманов дагы күчөп: "Сиз кыйкырбаңыз! Мага үнүңүз жетпейт. Ылдыйда жүрөсүз. Жашыңыз да жете элек. Анда бүгүн силердин маселеңерди карап, каршы добуш беребиз"-деди.
Төрага "Мага түшүндүрбөй эле коюңуз, бул жерге сиздин түшүндүргөнүңүздүн кереги жок"-деп айтты.
Эске салсак, төрага менен депутат Сулайманов буга чейинки деле жыйындарда кайым айтышып, урушуп келген.
Ссылка: https://barometr.kg/traga-menen-deputat-sulajmanov-parlamentte-kajym-ajtyshyshty
Добавить комментарий ×