Ибраим Нуракун уулу: Молдакун Абдылдаев кабинетине чайга чакырып турчу эле
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Чүй областындагы өкмөттүн өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев бүт өмүрүн мамлекетке арнаган, жүрөгү Мекен үчүн соккон атуул эле деп эскерди.
“Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жыл аралыгында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп иштеген. Жөнөкөй, адамгерчиликтүү жана билимдүү инсан эле. "Мен президенттин өкүлү болсом, сен 4-бийликтин өкүлүсүң, кел кеңешели" деп кабинетине чайга чакырып турчу эле. Журналисттерди терең сыйлачу. Бир жолу "Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп эмне таптыңыз?" - деп сурап калдым. Ал: "Ээ, иним азыр көрсөтөм" - деди дагы иш бөлмөсүнүн бурчундагы сейфти ачты. Колунда бир пачка дары бар эле. "Дайым Индиядан алдырам. Үч миң доллардык дары. Күнүгө ичем. Бирок, мени чындап кыймылдаткан мына бул" - деп, аркы бурчта сайылып турган кызыл туубузду көрсөткөнү эсимде. Бүт өмүрүн мамлекетке арнаган, жүрөгү Мекен үчүн соккон атуулубуздан айрылдык. Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Кайрат кылыңыздар”,-деп эскерди Ибраим Нуракун уулу.
Эскерте кетсек, кечээ, 2-июлда Жайыл районунда Көкөмерен суусуна унаасы менен түшүп кеткен өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев жана анын айдоочусунун сөөгү табылган. 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында Жайыл районунда Көкөмерен суусуна «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү жолтандабас унаа түшүп кеткен. Абдылдаевдин туугандарынын айтуусунда унаада 5 адам (3 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/ibraim-nurakun-uulu-moldakun-abdyldaev-kabinetine-chajga-chakyryp-turchu-ele
Добавить комментарий ×