Хабиб Нурмагомедов: Конор Макгрегор менен реванш өткөрүүнүн кажети жок
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен өч алуу мушташына чыкпай турганын айтты. Анын айтымында өч алуу мушташын өткөзүүгө кажети жок экендигин билдирди. Бул тууралуу TMZ Sports редакциясы билдирди.
"Эмне себептен өч алуу таймашын өткөрүшүм керек? Акыркы беттешибизде ал мага көп сөздөрдү айткан. Бирок биз клетканын ичине киргенде, ал мага эшенрсе деп айталган эмес",- деп белгиледи Хабиб.
Эске сала кетсек 6 октябрда UFCнин жеңил салмак чемпионатында Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегорду жеңип алган. Мушташ бүткөн соң эки мушкердин күйөрмандары ызы чуу салышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/habib-nurmagomedov-konor-magregor-menen-revansh-tkrnn-kazheti-zhok
Добавить комментарий ×