Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезер менен беттешти Лас-Вегаста өткөрүүгө макул эмес
Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Флойд Мейвезер менен Лас-Вегас шаарына беттеш өткөрүүгө макул эмес.
Ал бул тууралуу инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.
"Флойд Мейвезер, Лас-Вегаста эмес, алар менин акчамды бергиси келбей жатат", — деп жазды мушкер.
Белгилей кетсек, буга чейин Флойд Мейвезер россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун рингде күч сынашууга чакырган сунушун кабыл алган.
Мейвезер Instagram баракчасы аркылуу CBS, Showtime жана MGM Grand чек даярагыла! Леонардо Эллербинин (Mayweather Promotions башчысы) баракчасын карагылачы. Хабиб Нурмагомедов мени беттешке чакырыптыр. Келгиле, дагы бир ирет Лас-Вегасты даңазалайлы!” - деп жазган ал.
Эскерте кетсек, былтыр августта Лас-Вегаста өткөн бокс боюнча мелдеште Мейвезер ирландиялык Конор Макгрегорду техникалык нокаут менен утуп алган болчу.
Ал ушул кезге чейин 50 жолу беттеш өткөрүп, бирөөнөн да утулган эмес.
Ал эми Хабиб Нурмагомедов дагы жеңилүу ызасын тарта элек ал 27 жолу беттешке чыгып баарын жеңиш менен камсыздаган.
Добавить комментарий ×