Хабиб Нурмагомедов: "Фергюсонбу же Макгрегорбу айырмасы жок, беттешүүгө даярмын"
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Москвадагы маалымат жыйынында америкалык Жастин Гэтжиден кийин ирландиялык Конор Макгрегор менен беттешүүгө даяр экенин жар салды. Бул тууралуу Россиянын ММКларына шилтеме берип «Барометр» которду.
Спортчу азыр чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп алууга даярдык көрүп жатканын белгилеген. Эске салсак, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында америкалык Жастин Гэтжи менен күч сынашат.
"Ар кандай ойлор келет, азыр деле карьераны жыйынтыктоо тууралуу ойлоном. Бирок учурда алдыдагы беттешке даярданып жатам, узакка план койгон жокмун. Сентябрда 32ге чыгам, жаш спортчу эмесмин. Акырындан ардагер спортчулардын катарына кошулуп баратам. Сегиз жылдан бери UFC октагонуна чыгып келем. Эртерээк беттештерге кайтып, деги эле бир нерсе менен алек болгум келип жатат", — деди Нурмагомедов.
Белгилей кетсек, Хабиб Макгрегорду мындан эки жыл мурун Лас-Вегастагы турнирде жеңген. Беттештин аягы ызы-чуу менен коштолуп, эки тараптын командасы массалык уруш чыгарган. Окуядан кийин Нурмагомедов беттештерден четтетилип, ири көлөмдөгү айыпка жыгылган.
"Гэтжиден соң ким менен болсо да кармашканга даярмын. Ал Тони Фергюсонбу же Конор Макгрегорбу айырмасы жок", — деди спортчу.
2018-жылдан бери ирландиялык спортчу россиялык мушкерди бир нече ирет реванш-беттешке чакырып, UFC президенди Дана Уайт дагы аны уюштурууга кызыктар экенин айтып келет. Бирок, Хабибдин менеджери ал Конорду атаандаш катары көрбөй турганын айткан болчу.
Мындан тышкары, ага "саясатка барасызбы?" деген суроо узатылган. Мушкер спорттогу ишин аягына чыгара электигин жана креслосу жок эле элге жардам берсе болорун айткан.
Бирок ошол эле учурда өзүн келечекте машыктыруучулук менен чектебей турганын кошумчалаган.
Ссылка: https://barometr.kg/habib-nurmagomedov-fergyusonbu-zhe-makgregorbu-ajyrmasy-zhok-betteshg-dayarmyn
Добавить комментарий ×