Хабиб апасынын өтүнүчү менен карьерасын аяктап, саясатка барары айтылууда

26 октября 2020 12:22 2296 Barometr
Поделиться в:
ok

Аралаш мушташтагы карьерасын Жастин Гэтжени жеңгенден кийин дароо аяктаган UFCнин орусиялык чемпиону Хабиб Нурмагомедов мындан аркы ишмердүүлүк менен алек болору маалым болду. Бул тууралуу “Спорт” агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ал мындан ары кайрымдуулук иштери менен алектенип, ошону менен катары эле жаш спортчуларды машыктыруу менен алек болорун маалымдаган.

Хабиб Нурмагомедов UFCнин жеңил салмактагы титулу үчүн Жастин Гэтжени бут менен муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Кармаштан кийин дароо октагондо берген маегинде спорттон кеткенин жарыялаган.

Россиялык спортчу ММАны 29:0 менен жеңилүү ызасы жок аяктады.

Мушкер атасы каза болгондон кийин Гетже менен мушташы акыркы болот деп апасына сөз бергенин айтты.

 "Мен Дагестандагы тоолуу айылынан чыккан жөнөкөй баласымын, мен жөн гана чемпион болгум келген, мен чемпион болдум. Эми менин апам гана калды, мен ага көбүрөөк көңүл бургум келет. Жана менин ушундай бийик деңгээлге житишиме ата-энемдин салымы чоң. Азыр дүйнө жүзүндө эң талкуу болуп жаткан адам мен экенмин", - деди ал. 

Мушкердин атасы, машыктыруучусу  Абдулманап Нурмагомедов быйыл коронавирустан көз жумган.

Ырас, көпчүлүк анын спорттогу карьерасын аяктап жатканына ишенбей жатышат. Кантсе да, дүйнө жүзү анын Тони Фергюсон менен болгон кармашын эч качан көргөн эмес. Ушул эки мыкты спортчунун мушташы күтүлөт болушу керек деп боолгологондор жок эмес.

Айрымдары спортчуну саясатка барат деп жатышат. Бирок, ал өзү бул тууралуу так жооп айта элек.

Спортчуну жеңиши менен дароо орусиянын президенти Владимир Путин чалып, куттуктаганы маалым болду.

Ссылка: https://barometr.kg/habib-apasynyn-tnch-menen-karerasyn-ayaktap-sayasatka-barary-ajtyluuda



Добавить комментарий