Грузия чет элдик туристтер үчүн эшигин 1-июлдан тарта ачат

8 мая 2020 19:17 1910 Barometr
Поделиться в:
ok

Грузия чет элдик туристтер үчүн эшигин 1-июлдан тарта ача турганын өлкөнүн премьер-министри Георгий Гахария туризм тармагындагы антикризистик пландардын бет ачары учурунда билдирди.

Анын айтымында, ички туризм 15-июндан тарта жанданат.

“Биз чектеш мамлекеттер менен коопсуз коридорлорду түзүүгө аракет кылабыз. Андан сырткары туризм тармагында биз үчүн маанилүү болгон мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деди премьер-министр.

Ал ошондой эле, коюлган бул максаттарга жетүү үчүн бардык мамлекеттик органдар талыкпай иштеши керектигин кошумчалады. Гахария андан сырткары Грузия коронавирус пандамемиясынан кийин чек араларын чет элдик туристтерге ачкан жана эл аралык авиакаттамдардын жандандырган биринчи өлкөлөрдөн болорун белгиледи.

Соңку маалымат боюнча Грузияда коронавирус 615 кишиге жугуп, анын 275и айыкты. Ал эми оору 9 кишинин өмүрүн алды.

Эске салсак, коронавирус пандемиясынан кийин дүйнө жүзү боюнча туризм тармагы ири жоготууларга учурады. Адистердин баамында бул жаатта иштеген миллиондогон киши жумушсуз калды.

Ссылка: https://barometr.kg/gruziya-chet-eldik-turistter-chn-eshigin-1-iyuldan-tarta-achat



Добавить комментарий