Грециянын министри токойдогу чыккан өрттөн улам отставкага кетти
Грециянын Жарандык коргоо министри масштабдуу чыккан өрттүн кесепетинен улам отставкага кетти. Бул туурасында Day.Az маалымат агенттиги билдирди. Жарандык коргоо министри Никос Тоскас Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас менен жума күнкү расмий жолугушуудан кийин арызын жазып кеткен деп айтылат маалыматта. Акыркы учурда Грециянын токойлорунан чыккан өрттөн улам 90дон ашык адам өлүп, 25 тей дайынсыз жоголуп жаткан.
Эске сала кетсек, өрт чыккан аймактагы Атикка облусунда эки мэрдин орун басарлары дагы кырсыкка байланыштуу арыздарын жазып, жумуштан кетишкен.
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас бул кооптуу кырсыкка толугу менен жоопкерчиликти өз мойнуна алганын билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/greciyanyn-ministri-tokojdogu-chykkan-rttn-ulam-otstavkaga-ketti
Добавить комментарий ×