14 өрт өчүргүч каза болду. Казакстанда бүгүн аза күтүү күнү жарыяланды

12 июня 2023 09:29 502 Barometr
Поделиться в:
ok

Касым-Жомарт Токаев жалпы улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Абай районундагы токой өртүнүн кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу 2023-жылдын 12-июнунда Казакстан Республикасында улуттук аза күтүү жарыялансын", — деп айтылат жарлыктын текстинде.

Эске салсак, Абай районундагы 60 миң гектар аянтты түзгөн ири токой өртүнүн кесепетинен өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 14 кызматкери каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/14-rt-chrgch-kaza-boldu-kazakstanda-bgn-aza-kt-kn-dep-zharyyalandy



Добавить комментарий