Миллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

4 февраля 2021 14:54 4298 Barometr
Поделиться в:
ok

"Граф" деген каймана ат менен белгилүү миллиардер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 4-февралда Токмок шаарында өтүп жатат. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.

Ишкердин сөөгү Кыргызстанга бүгүн, 4-февралда таңга жуук бир нече автоунаанын коштоосунда алынып келингени кабарланган.

Ишкердин Токмоктогу үйүнүн айланасынан көптөгөн унааларды көрүүгө болот. Алардын арасында Казакстандын жана Россиянын дипломатиялык номурлары менен келген унаалар да бар.

Үйдү жеке коопсуздук кызматынын күзөтчүлөрү курчоого алып, акыркы сапарга узатуу зыйнатына келген коноктордун коопсуздугун карап жатышат. Мындан тышкары, милиция кызматкерлери да үйдүн сыртында жүргөнүн көрүүгө болот.

67 жашында көз жумган ишкердин үйүнөн фото жана видео тартууга тыюу салынган, бирок үйгө каалаган адам кирип бата кылып чыкса болот.

Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Казакстандан бир топ ишкерлер, саясатчылар да келишти. Ал эми, Кыргызстандан да көрүнүктүү ишкер саясатчылар да барышты. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Пархат Тулендыбаев, Иса Өмүркулов, саясатчы Өмүрбек Бабанов сыяктуу көрүнүктүү инсандар жүрүшөт.

Маркумду сөөгү Винсовхоз айылындагы көрүстөнгө коюлат.

Эскерте кетсек,  Алижан Ибрагимов кече, 3-февралда Бельгияда каза болгон. Ал коронавирусту Казакстандан жугузуп алып, Бельгияга дарыланууга кеткен. 

Ссылка: https://barometr.kg/graf-kajmana-aty-menen-belgil-milliarder-alidzhan-ibragimovdu-akyrky-saparga-uzatuu-zyjnaty-tokmok-shaarynda-td



Добавить комментарий