Гүлшайыр Садыбакасованын кошогу. "Эркелетээр эрмегим, эңсесем эми аай балам жок"
Айтылуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулун жоктоп, ичи өрттөнүп, энелик жүрөгү мындай кайгыны көтөрө албай жатканын айтты. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Эркинтайымдын келбес сапарга кеткенине үч айдын жүзү болду. Уулумдан ажырап калганыма азыр деле таптакыр ишенбей отурам. Балам эсиме түшкөн сайын жүрөгүм канжалап, көкүрөгүм өрттөнүп, көңүлүм аңтарылып, сезимдерим сыздап, үмүтүм өчүп , башка бир дүйнөдө жашап калгандай тунжурап калам. Баламдын элеси көз алдымдан кетпей, бассам-турсам мени ээрчип жүргөнү жүргөн. Күнү-түнү окуганым курани карим болуп, балам бейиште жүрөт, буйруса мени күтүп алаар адамым бар деп өзүмдү-өзүм жооткотуп алам. Уулумдун акыркы жандуу элеси Сайкал эжеси менен пандемиянын июль айында тартылган үй клибинде калыптыр. Ырды уккан сайын "Эмне кыламын, эмне кыламын, сенсиз жаным эмне кыламын" деген сөздөргө Сайкал экөөбүз тең токтобой ыйлайбыз, ыйлайбыз, ыйлайбыз. Балам, түбөлүк уйкуң тынч болсун, аллахым өз мээримине алып акыретиңди абат кылсын”, - деп уулун эскерди Садыбакасова.
Ага улай эле, уулун жоктоп, арманын кошокко салган ыр саптарын да жарыялады:
"Таңда турсам ай шамал жок,
Садагаң болуп кетейин Сагынсам эми аай балам жок.
Эрте турсам аай шамал жок,
Эркелетээр эрмегим, Эңсесем эми аай балам жок.
Калемпир салдың аай ашыма,
Кагылайын каралдым Кайгыны салдың аай башыма.
Күнжүттү салдың аай ашыма,
Күлгүндөй кезде үзүлүп,
Күйүттү салдың аай башыма.
Токтотойун аай кейишти,
Айланайын кулунум, Аллахым берсин аай бейишти.
Кулпулайын аай кейишти,
Кагылайын каралдым, Кудайым берсин аай бейишти", - деп айтылат.
Эскерте кетсек, Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин 25-август түнү 19 жаш курагында жүрөк оорудан улам каза болгон.
Добавить комментарий ×