Сайкал Садыбакасованын иниси жүрөк оорудан каза болгон

26 августа 2020 11:09 6430 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыз бурак тобунун учурдагы жетекчиси, жеке ырчы Сайкал Садыбакасованын иниси 19 жашында жүрөк оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу ММКларга ырчынын өзү тастыктаган маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.

"Иним кечээ түнү Бишкектеги үйдөн жүрөгүм ооруп жатат деп калды. "Тез жардам" кызматын чакыртып, ооруканага алып бардык. Көп өтпөй эле көз жумду. Жүрөгү кичине ооручу окшойт. Бирок астма оорусу менен жабыркап келген. Эркин 19 жашта эле, Эл аралык мамилелер академиясында окучу", - деди ал.

«Иним экөөбүз аябай жакынбыз, ар дайым эжемдин ден соолугу, иштери жакшы болсо экен деп дасторконго бата кылыт», - деп айткан эле буга чейинки маектеринде ырчы кыз.

Ссылка: https://barometr.kg/sajkal-sadybakasovanyn-inisi-zhrk-oorudan-kaza-bolgon



Добавить комментарий