Гүлшайыр Садыбакасова: "Буларды жараштырам деп жатып экөөсүнөн далай жүрөгүмдү ооруткан сөздөрдү уктум"
Шоу бизнес деп аты айтып тургандай шоу чөйрөдө ар тараптуу пикир келишпестиктер, чырлар да болбой койбойт. Анынсыңарындай ырчылар Айчүрөк Иманалиева менен Жанин Ахунжанованын ортосундагы кайым айтышуулар да бир айдан бери уланып келет. Алгач Жанин Ютуб каналдарынын бирине берген маегинде Иманалиеванын үйүндө кордук көргөм деген сөздөрду айткан. Ал эми ырчы буга жооп кылып баары жалган экенин жана айтылган сөздөрдүн баары буйрутманын негизинде болуп жатканын билдирген.
Аталган пикир келишпестикте легендарлуу “Кыз бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын да ысымы атала баштады. Ал эки ырчынын ортосуна түшүп элдештирүүгө аракет кылган. Ар тараптуу сөздөр айтыла баштагандан улам Садыбакасова да бул жагдай тууралуу үн катты. Ал бул тууралуу:
“Кыргыз эстрадасынын мега жылдызы Айчүрөк Иманалиева менен жакындан таанышып, анын шоу дүйнөсүнө аралашуусуна өз салымымды кошуп, кандай кырдаал, кандай сыноолор болбосун кеп-кеңешимди айтып, ар дайым туура жолду көрсөтүп, кыйынчылыктарда бири-бирибизге жардам берип, колдоо көрсөтүп,эже сиңди болуп ээрчишип жүргөнүбүзгө 30 жылдын жүзү болуптур... Кыргыз элине таанымал бир топ ырчыларыбыздай эле, Айчүрөк сиңдим да өзүнүн таланты, ак эмгеги, пешене тер мээнети менен бүгүнкү кадыр -баркына, сый -урматына жетти. Шоу-бизнестеги толгон кыйынчылыктарды басып өтүп, көптөгөн бут тосууларды жеңип, бир топ ийгиликтерди жаратып, чыгармачылыкка удаалаш үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп, бактылуу атанын сүйгөн жары, сүйүктүү балдардын апасы, миллиондогон көрүүчүлөрдүн кумирине айланып, элибиздин мыкты ырчысы боло алды! Сый-урматтыбыз бүгүнкү күнгө чейин уланып келет... Жанин кызыбыз "Биз" тобунда, "Кыз-Буракта", Айчүрөктө жүрүп бир топ тажрыйба топтогон экен, өз алдынча ырчы болуу аракетинен артка кайтпай, ырчылыкка аралашып, аны өнүктүрүп, ошол эле учурда кыргыз армиясынын чек ара кызматында иштеп жатат.. 3 баланын энеси, улуу кызын турмушка берип, небере жетелеп калган тайене!
"Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт"- дегендей жашоодо кездешчү катачылыктардын торуна түшүп, Айчүрөк эжесинин көңүлүн кирдеткен маегин берип, ортодо ызы-чуу жаралды. Экөөсү чырдашкан күндөн тартып эки тарап менен тынымсыз сүйлөшүп, экөөсүн жараштыруунун, элдештирүүнүн үстүндө далбастап жүрдүм. Жаниндин постторуна чейин өчүрттүм. Жанинге:"Айчүрөк эжең улуу, сен кичүүсүң"-деп жатып Айчүрөктөн кечирим сураттым. Айчүрөктүн: "Бул бирөөнүн заказы!"- дей бергенинен улам, кайра-кайра Жанинден сурасам ал:" Эчким мага буйрутма бербей эле, маек берип жатканда, бул сөздөр оозумдан автоматтык түрдө чыгып кетти!"- деп агынан жарылды! Буларды жараштырам деп жатып экөөсүнөн далай жүрөгүмдү ооруткан сөздөрдү уктум. Баарына чыдадым... Жанин кечирим сурагандан кийин Айчүрөк менен жолугуштум, баары жакшы бүтүп бараткан эле... эки тарапты кайраштыргандардын азабынан чыр кайрадан уланып кетиптир.... Айчүрөк, сен улуусуң, акылдуу жансың, стратегсиң, бардык кырдаалды жакшы түшүнөсүң?!”, -деп агынан жарылды.
Ырчылардын ортосундагы бул чыр коомчулукту да дүрбөлөңгө салууда. Маалым болгондой, аттары аталган 2 ырчы да “Орозо айы бүтсө баарын айтып берем” деген сөздөрүн айтышкан.
Добавить комментарий ×