Айчүрөк Иманалиева уулунун кыркын берип, эстелигин тургузду
Ырчы Айчүрөк Иманалиева уулу Аргендин кыркын өткөрдү. Бул тууралуу "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, ырчынын тун уулу Аргендин каза болгонуна кырк күн болуп, кыркылыгын жана эстелигин тургузду.
"Тирүү жандын күнү өтө берет экен. Аргенимден айрылганыма 40 күдөн ашты. Кыркын өткөрүп, бейит башына эстелигин орноттук.
Тогуз ай курсагыңда, буту баскыча колуңда, өмүр боюу жүрөгүңдө көтөргөн баладан айрылууну эч бир эненин башына салбасын. Мени эне кылган, энелик сезимди, жоопкерчиликти тааныткан тунум-Аргеним эле. Качан болбосун мен ага улуу уулум катары таянчумун.
"Апа мага сизден өткөн жакшы адам жок" -деп эркелеп калчу. Өзүм бала кезде балалуу болгонгобу, Аргеним баламдын, биртууганымдын, досумдун да ордунда болчу.
Өлгөндүн артынан кошо өлө албайт экенсин. Жашоо уланып жатат, бирок, баламдын гана орду бош", -дейт Айчүрөк Иманалиева.
Эскерте кетсек, Айчүрөк Иманалиеванын тун уулу Арген 21-июнь күнү жүрөк оорудан улам каза болгону кабарланган.
Ссылка: https://barometr.kg/ajchrk-imanalieva-uulunun-kyrkyn-berip-esteligin-turguzdu
Добавить комментарий ×