Германияга барган Аида Касымалиевадан коронавирус табылган жок

27 марта 2020 15:42 1235 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева 14 күндүк үй карантини аяктаганын билдирди. Анын экинчи ирет тапшырган анализи таза чыккан.

"Экинчи жыйынтыктоочу анализим да таза чыкты. Коронавирус жок. 14 күн үй карантини да бүгүн соңуна чыкты. Онлайн да көп жумуштарды аткарууга аракеттенип жаттым, эми алдыда - жумуш көп. Буйруса, баарыбыз биргеликте жеңебиз", - деп жазды ал.

Эске салсак, Касымалиева жана депутат Абдыбек Дюшалиев 8-мартта Берлинге барышкан. Бирок ал жакта коронавирустан улам абал кыйындап кеткендиктен кайта Кыргызстанга тезинен кайтууну чечишкен. Кыргызстанга келери менен алар 14 күндүк карантинге алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/germaniyaga-bargan-aida-kasymalievadan-koronavirus-tabylgan-zhok



Добавить комментарий