Германиядан келген конок сойкулар менен жолуккандан кийин каза тапты
Германиянын жараны эки кыздын кучагында кече өткөрөм деп жатып көз жумду. Бул тууралуу kriminalka.kz. булагы кабарлады.
Ал Казакстандын Караганда шаарына жумуш боюнча келип мейманкананын ордуна жалдама батирге кирген.
Берхард Рихтер досу Конрад Вебер менен кафеге барып кыздар менен таанышкан, досу кетип калган.
52 жаштагы немис кыздарды үйүнө алып келип эс алган. Ал кыздарга закуска даярдап жүргөнчө, сойкулардын бири анын пивосуна клозапин деген ууну салып койгон. Патологоанатомдор бул уу менен алкоголь кошулган кезде Рихтер мүрт кеткенин аныкташты.
Сойкулар кардар өлгөндөн кийин анын акчаларын тоноп кетишкен.Учурда бул иш боюнча тергөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/germaniyadan-kelgen-konok-sojkular-menen-zholukkandan-kijin-kaza-tapty
Добавить комментарий ×