Гендердик өнүгүү улуттук кеңеши айымдарга жасалган зомбулуктун бардык түрүн айыптайт
Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш айымдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктун бардык түрүн, анын ичинде 8-мартта зордук-зомбулукка каршы жүрүшкө чыккан катышуучуларга карата айрым милиция кызматкерлеринин колдонгон аракетин айыптайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
2012-жылы түзүлгөн Улуттук кеңеш гендердик өнүгүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууну координациялоочу консультативдик, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүшү, аялдарга одоно жасалган мамиле, ушул жылдын башында өлүм менен аяктаган окуялар олуттуу көйгөй болуп эсептелет жана мамлекеттин алдында үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жөнгө салуу боюнча иш ыкмаларды кайра карап чыгуу милдети турат.
Зомбулукка жол бербөө жөнүндө калктын түшүнүгүн кеңейтүү жана үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка карата сабырсыздыкты көрсөткөн өлкө боюнча «үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы 180 күн» маалымат кампаниясы жүрүп жатат, зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралардын комплекси бекитилип, медиаплан даярдалды.
Муну менен катар «Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишмердүүлүгүн координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайыма гендердик теңчилик, аялдардын жана кыздардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маселеси, ошондой эле аялдарга карата жасалган зомбулуктун бардык түрүн алдын алуу жана ага жол бербөө боюнча системалуу жана мерчемделген иштерди алып барат.
Эске салсак, 8-мартта Бишкекте кыз-келиндердин тобу зомбулукка каршы акцияга чыгышкан. Бирок алар беткап тагып, башына калпак кийген белгисиз кишилердин аракетинен улам акция үзгүлтүккө учураган. Акция боюнча милиция ондой кишини кармап, алардын айрымдарына айыппул салган.
Ссылка: https://barometr.kg/genderdik-ng-uluttuk-keeshi-ajymdarga-zhasalgan-zombuluktun-bardyk-trn-ajyptajt
Добавить комментарий ×