Гемодиализге кызмат көрсөткөн жеке медициналык уюмдар салыктардан бошотулууда

21 июня 2019 09:05 1274 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 2-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызмат кабарлады.  

Мыйзам долбоору боюнча демилгечилердин бири Искендер Гайпкулов баяндама жасады. Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты терминалдык стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган адамдарга  өз убагында жана сапаттуу гемодиализ  кызмат көрсөтүүлөрүн алууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоорунун милдети болуп Бирдиктүү төлөм системасында иштеген жана өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооруган адамдарга гемодиализге жеңилдетилген кызмат көрсөткөн жеке медициналык уюмдардын  кошумча наркка салык, сатуудан салык жана пайдага салык  төлөөдөн бошотуу аныкталган.

Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу жеке медициналык уюмдарга  Кыргыз Республикасынын бардык региондорунда муктаж адамдарга гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүн өз убагында жана сапаттуу камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Мыйзам долбоору талкуусуз 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Ссылка: https://barometr.kg/gemodializge-kyzmat-krstkn-zheke-medicinalyk-uyumdar-salyktardan-boshotuluuda



Добавить комментарий