"Гарри Поттер" фильминдеги актер Пол Риттер каза болду
“Чернобыль”, “Гарри Поттер” кинотасмаларындагы ролдору менен көпчүлүктүн эсинде калган британиялык актер Пол Риттер 54 жашында каза болду. Бул тууралуу британиялык Guardian гезити жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, актер кече, 6-апрель күнү узакка созулган оорудан улам каза болгон.
Актерго мындан бир нече жыл мурун мээнин рагы деген диагноз коюлган.
Риттерд 70тен ашуун тасмада роль жараткан. Тактап айтканда, "Обед в пятницу вечером", Чернобыль" сериалында инженер Анатолий Дятловдун ролун ойногон. Ал эми, "Гарри Поттер и Принц-полукровка" тасмасында сыйкырчы Элдред Уорпланын ролунда ойногон.
Ал 2006-жылы "Корам Бой" пьесасындагы мыкты ролу үчүн Лоренс Оливье театралдык сыйлыгына татыган. Ошону менен катары эле, актердун жетишкендиктеринин сап башында 2009-жылы алган "Нормандских завоеваниях" тасмасындагы мыкты ролу үчүн алган "Тони" сыйлыгы бар
Ссылка: https://barometr.kg/garri-potter-filmindegi-akter-pol-ritter-kaza-boldu
Добавить комментарий ×