Ысык-Көлдүн «Мурас» командасы кыргыз улуттук курама командасын утуп алды

14 декабря 2018 13:57 1367 Улукман Бейшеналиев
Поделиться в:
ok

Футзал боюнча кыргыз улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Ысык-Көлдүк «Мурас» клубуна утулуп калды. Жолугушуу 13-декабрда болуп өткөн. Бул тууралуу Кыргыз республикасынын футбол федерациясы билдирди. 

Белгилүү болгондой, футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөргөн. 

Анын алкагында Бишкектин «SanCity» жана Ысык-Көлдүн «Мурас» командалары кезигишип «Мурас» командасы 2:0 эсебинде жеңип алды. 

Беттештин 17 мүнөтүндө Адилет Култаев эсеп санын ачкан. Ал эми беттештин 2-бөлүгүндө «Мурастын» оюнчусу Алексей Азизов эсепти тең кылган, андан соң оюндун аягына  бир мүнөт калганда дагы бир гол киргизип командасына жеңиш алып келди.  

Ссылка: https://barometr.kg/futzal-ysyk-kldn-muras-komandasy-kyrgyz-uluttuk-kurama-komandasyn-utup-aldy



Добавить комментарий