Футболчуларды тосуп алуу иш-чарасы Ала-Тоо аянтында шоу концерт менен коштолот

23 января 2019 10:31 1681 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз футбол командасын 24-январда тосуп алуу Ала-Тоо аянтында шоу концерт менен коштолот. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, спортчуларды тосуп алуу иш-чарасына бийлик өкүлдөрүнөн дагы келишет. Иш-чара ошол күнү түштөн кийин 15:00 дө башталаары айтылды.

Эске салсак,буга чейин кыргыз курама командасы Дубай-Бишкек каттамы менен 24-январда таң эрте келээри айтылып, коомчулук арасында аларды аэрпорттон тосуп алуу тууралуу чакырыктар тарап жаткан.

Белгилүү болгондой, Кыргыз футболчулары Бириккен Араб Эмирлиги менен 1/8 чейрек финалында ойноп, 3:2 эсеби менен БАЭнин командасы утушка ээ болгон. 

Дубайда өтүп жаткан Азия кубогу-2019 оюну 1-февралда жыйынтыкталат. 


Ссылка: https://barometr.kg/futbolchulardy-tosup-aluu-ish-charasy-ala-too-ayantynda-shou-koncert-menen-koshtolot



Добавить комментарий