Футболчу Андрей Аршавин экинчи жубайы менен ажырашып биринчи жубайына жана балдарына кайтты

30 января 2019 10:27 15322 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Белгилүү орус футболчусу, Европа чемпионатынын коло байгесинин ээси Андрей Аршавин экинчи жубайы менен ажырашты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалым болгондой анын биринчи жубайы журналист Юлия Варановская экөөнүн 3 баласы бар, ал эми экинчи жубайы менен 1 кызы бар.

Юлия Барановская буга чейин Аршавин ажырашкандан 5 жыл өтсө да балдары менен байланышка чыккан эместигин айтып келген. Бирок ажырашкандан кийин биринчи үй-бүлөсү менен байланышканын кабарлады. Буга далил катары өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына балдары менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү.

Көпчүлүк күйөрмандар футболчу экинчи жубайы менен ажырашкандыгына кубанып жатканын жашырган жок. "Туура кыласың", "экинчи жолу үйлөнбөшүң керек болчу" деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышууда.

Андрей Аршавин орусиянын Зенит, Англиянын Асенал жана Казакстандын Кайрат клубдарында ойногон.

Ссылка: https://barometr.kg/futbolchu-andrej-arshavin-ekinchi-zhubajy-menen-azhyrashyp-birinchi-zhubajyna-baldaryna-kajtty



Добавить комментарий