Улуттук курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс толугу менен жаракатынан айыкты
Поделиться в:
Улуттук курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс толугу менен жаракатынан айыкты. Бул тууралуу Футбол Федерациясынын басма сѳз кызматы билдирди.
Виталий Люкс кечээ, 17-ноябрда Кантта өткөн жалпы команда менен машыгуга катышкан.
Оюнчу 9-ноябрда өткөн Өзбекстан менен болгон жолдоштук беттеште жаракат алган. Ошол себептен Япония менен болгон беттешке чыккан эмес.
«Эртеңки 19-ноябрда Тажикстан менен болгон таймашта катышаары белгисиз»,- деди КРнын Футбол Федерациясынын басма сѳз кызматынын башчысы Наталья Угрюмова .
Ссылка: https://barometr.kg/futbol-chabuulchusunun-abaly-zhakshy
Добавить комментарий ×