Футбол боюнча Кыргыз курамасы Иорданияны 1:0 эсебинде утуп алды
20-декабрда Катар өлкөсүндө футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогуна даярдануу максатында Иордания курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Алдыда Ата-Мекендик курама команда дагы 2 жолдоштук беттеш өткөрөт. 25-декабрда Катар курамасы менен, ал эми 31-декабрда Палестина курама командасы менен беттешет.
Эске салсак, кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогун тарыхта биринчи ирет катышып жатат. Спортчулар 7-декабрдан тарта Катардын Доха шаарында атайын окуу-машыгуу жыйындарын өтүп жатат.
Азия кубогу 2019-жылдын 5-январда Бириккен Араб Эмирлигинде өтөт. Кыргызстандын командасы С тайпасына түшүп, Түштүк Кореянын курама командасы менен 7-январда, Кытай курама командасы менен 11-январда жана Филиппин курама командасы менен 16-январда ойнойт.
Ссылка: https://barometr.kg/futbol-boyuncha-kyrgyz-kuramasy-iordaniyany-10-esebinde-utup-aldy
Добавить комментарий ×