Фото. Ырчы Алтынай Жайнакова ич кийимчен сүрөтү менен эркектерди дүүлүктүрдү
Ырчы Алтынай Жайнакова буга чейин МАИ кызматкерлери менен болгон чырдан кийин бир топ таанымал боло түшкөн. Ал кайгуул кызматкерлери тартипти бузгандыгы үчүн унаасын токтоткондо баш ийбей, ар түрдүү жаман сөздөрдү айткан эле. Жайнакова ошол учурда ырчылыктан сырткары журналисттик кесипти да аркалачу.
Кийин чыгармачылыктан бир топ алыстап кеткен Алтынай Barometr.kg редакциясына берген маегинде чыгармачылыкка кайттым деген эле.
Ырчы чындап эле чыгармачылыкка кайтканын соцтармактагы акыркы бөлүшкөн сүрөттөрүнөн байкоого болот.
Ал көк түстүү классикалык костюм шымда түшкөн сурөтүн жүктөдү. Сүрөттөн ырчы костюмдун ичинен бир гана ич кийимчен турганын көрүүгө болот. Бирок ал ич кийимин гүлдөр менен жаап койгон.
Ага карабай ырчынын катталуучулары ич кийимчен турганын байкап коюшту. Катталуучуларынын бири “дааратты буздуң” деген пикир калтырууга да жетишти.
Бул тууралуу Алтынай Жайнакова өзү:
“Гүл өсүп Зерелерге. Аткан таң баарыбызга ырыскылуу болсун”, -деп көңулдүү күн каалап ырчы Зеренин образын кыстыра кетти.
Маалым болгондой, ырчы Зере Акылбек “Кыз” аттуу ырынын клибинде ич кийимдин үстүнөн классикалык кастюм кийип тартылган эле. Аталган клип коомчулукта көпкө чейин талкууга алынып катуу сынга алынган.
Ссылка: https://barometr.kg/foto-yrchy-altynaj-zhajnakova-ich-kijim-menen-srt-menen-blshp-erkekterdi-dlktrd
Добавить комментарий ×