МАИ кызматкерлери менен мушташкан ырчы Алтынай Жайнакова: "Мени өкүндүргөнү үй-бүлөлүү байкелердин тийишкени"

14 мая 2019 14:28 8490 1 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Эки жыл мурда МАИ кызматкерлери телеканалдардын бири менен биргеликте Ош шаарында жол эрежесин бузган айдоочуларды токтотуп, алардын спирттик ичимдиктерди ичкен же ичпегенин текшерип, тиешелүү чараларды колдонуу учурунда каршылык көрсөткөнү үчүн бир топко чейин эл оозуна алынган кыргыз эстрада ырчысы Алтынай Жайнакова жеке жашоосу жана алдыдагы пландары тууралуу Barometr.kg  сайтына берген маегинде айтып берди.

- Саламатсызбы Алтынай? Алгач өзүңүз тууралуу, үй-булөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

-Саламатчылык, мен өзүм Өзгөн жергесинин кызы болом. Чынын айтсам жеке жашоомду сыр тутканды жакшы көрөм. Табиятыман ушундай окшойм деп ойлоп коём, сырдуу болгонду жакшы көрөм.

- Өзүңүз учурда Ош шаарында турасызбы?

- Бишкекте жашап жатканыма 1 жылдан ашты. Ал эми буга чейин Ош шаарында турчумун.

- Учурда сүйүктүүңүз барбы?

- Жок.

- Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар, ырганды таштап салдыңызбы?

- Жок, ырдаганды таштабайм. Учурда чыгармачылыктын үстүндө катуу иштеп жатам. Буюрса, жакынкы айларда жаңы ырларга, клиптерге күбө боло аласыздар.

- Репертуарыңызда канча ыр, канча клип бар?

- Негизи азыр көп деп айта албайм, анткени ырларымдын көпчүлүгүндө эски ырларды жаңылап ырдагам. Болгону 15 ыр бар, алардын төртөөсүнө клип тартылган. Мындан ары жалаң жаңы ырлар менен иштешейин деп жатам.

- Чыгармачылыктын чыйыр жолуна аттанганыңызга канча жылдын жүзү болду?

- Эң алгач 2015-2016-жылдары ырдап чыга баштагам. Ортодо 1 жыл такыр иштебей туруп калдым. Буюрса, быйыл баш отум менен чыгармачылыкка кириштим десем да болот.

- 5-6 жыл аралыгында бир топ угармандарды, күйөрмандарды арттырдыңыз болуш керек. Күйөрмандарыңыздын аша чапкан учурлары болду беле?

- Ооба, аябай чоң аша чапкан кадамга барбаган күйөрмандар болбосо деле андай учурлар болуп турат. Азыр баары эле инстаграм аркылуу болуп калбадыбы, кээде жазгандарга жооп бербей койсоң эле өлө жаман сөздөрдү жазып салышат. "Анан неге минтип жатасың?" десең "жакшы сөз жазсам көңүл бурбайсыз, ушинтип жазууга туура келди",- деп чектен чыккандар көп эле болот.

- Өзгөчөлөнгөн күйөрмандарыңыздын жоруктарын эстеп көрбөйлүбү?

- Андайларды айтпайбызда (күлүп). Бир эле мени өкүндургөнү үй-бүлөлүү байкелердин тийишкени деп айта алам.

- Жеке концерт берейин деген пландарыңыз барбы?

- Албетте бар. Бирок жеке концертимди берүүнү кийинки жылга калтырдым, анткени быйылкыга жетишпей калат экенмин. Быйыл жалаң жаңы клиптердин, ырлардын үстүндө иштеп кийинки жылы күз айларында жеке концертимди берем буюрса.

- Бул чындыгында көпчүлүкту кызыктырган суроо болушу керек. МАИ кызматкерлерине кармалган учурларда кандай чара колдонуп жататсыз?

- Акыркы 2 күндөн бери 6-7 жолу  кармалдым. Эмнегедир алар мени жакшы кабыл алышат, таанып калышыптыр. Өзүбүздүн карышдаш турбайсыңбы деп кээде тамашалашып сүйлөп калышат. Кээде жөн гана кечиримдүү деп айып пул жазбай жиберип коюшат.

-Көпчүлүккө белгилүү болгон жогоруда аталган МАИ кызматкерлери менен болгон чырдан кийин сизге ылакап аттар да коюлганын, сын-пикирлер айтылганын билебиз. Дегеле ошол учурдагы абалдан кантип чыктыңыз?

-Мен ал кезде аябай шамдагай болсом керек. Азыр кээде ойлонуп отуруп өзүм да таңыркап кетем. Себеби ошондой негативди көтөрүптүрмүн, мен ошондой сыноого чыдаганыма таң калам. Бул да болсо мендеги күчтүү бир сапаттардын бири окшойт. Негизи эле жашоодо майдаланбайм.

-Жашоодо өкүнүп калган учурларыңыз болду беле?

-Жок. Жогорудагы учур бир аз өкүндүрөт, бирок баары бир өкүнбөйм.

Маегиңизге чоң рахмат!

Ссылка: https://barometr.kg/mai-kyzmatkerleri-menen-mushtashkan-yrchy-altynaj-zhajnakova-meni-kndurgn-j-bll-bajkelerdin-tijishkeni



Добавить комментарий

  • Ырчы болуш учун тазза үн болуш керек да. Коркунгөн менен ойношуп дагы сыр деп коет. Түзүгүраак адам менен маек квлсанарчы....