Финансы министрлиги: Жылдын аягында Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллион доллардан ашат

18 сентября 2020 13:28 734 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Финансы министрлиги 2020-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын божомолу 4 323,6 млн. АКШ долларын түзөөрүн айтты. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Финансы министрлиги тышкы карыз алуунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча тынымсыз иш алып барып жаткандыгын жана 2019-жылдын аягында тышкы карыздын деңгээли ИДПга карата 45,5% га чейин төмөндөтүлгөндүгүн маалымдады. Бирок, COVID-19 пандемиясына байланыштуу кризистен улам, тышкы карыздын деңгээли 2020-жылы ИДПга карата 56,2%га чейин көтөрүлдү. Кыргыз Республикасынын экономикасынын турукташуусу менен тышкы карыздын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштер улантылып жатат.

“Айрым депутаттардын, 2020-жылы тышкы карыздын көлөмү 1,0 млрд. АКШ долларына көбөйгөндүгү жөнүндө, айтылган сөздөрү чындыкка дал келбейт, анткени бул жылы жалпы 337 млн. АКШ доллары тышкы каржылык жардам катары алынган, анын ичинен насыялар 269,0 млн. АКШ долларын түзөт”, -деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын 31-июлуна карата мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү 4 169,60 млн. АКШ долларын түздү.

2020-жылдын январь-август айлары үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен мамлекеттик тышкы карызды тейлөө үчүн коротулган сумма жалпысынан 112,9 млн. АКШ долларын түзгөн.

Жалпысынан, 2019-жылы мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө 201,1 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

2020-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын божомолу 4 323,6 млн. АКШ долларын түзөөрү күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/finansy-ministrligi-zhyldyn-ayagynda-kyrgyzstandyn-tyshky-karyzy-4-million-dollardan-ashat



Добавить комментарий